ЖЭБ соту: Отурумда айыпталуучу Салайдин Авазов сүйлөп жатып, балдарын эстеп жашып кетти

Бүгүн, 5-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө.

"Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов өз сөзүндө эгер убакытты кайра артка кайтарууга мүмкүн болсо, 2013-жылга долбоорду баштабай коймок экенин белгиледи.

Отурум учурунда Авазов балдарын эстеп, сүйлөп жатып жашып кетти. Андан кийин өзүн колго алып, сөзүн улады.

"Өз ишмердигимде ар дайым ак ниеттүү эмгектенип келгем. Бул нерсени мени менен иштегендердин баары билет. Энергетика тармагындагы ачык-айкындуулукка басым жасап, коррупциялык схемаларга каршы күрөшүп келгем. Бишкекте дагы, Жалал-Абад электр станциясына келгенде дагы калк үчүн ачык схемаларды түзгөм. Учурда ал жакта 12 жыл өткөнүнө карабай, менин схемам боюнча иш жүрүп жатат. А мени бул жерде 65 жашка чыкканда "коррупцияга" күнөөлөп, камакта кармап жатышат. Мен азыр ичимдеги нерселерди айта баштасам көзүмө жаш келет. Айла жок, бул жакта ушундай нерселер жөнүндө айтууга туура келип жатат. Балам келгенде жубайым мага биринчи жолу ыйлаганымды көргөнүн айтты. Себеби менин мүнөзүм катаал, эмоцияга алдырчу эмесмин. Бирок бул жакта бизди ушундай абалга келтирип коюшту", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
asiret
2019-12-05 17:22:12
Ооруп калган "приемдор" суу кечпей калып ыйламайга оттунорбу
+1
Jelezo
2019-12-05 17:26:28
Авазов таза иштеген, Бакиевдин убагында сууну инилери сатып жатканын айтып кайрылса аябай мактап 2 күндөн кийин кызматтан алып койгон экен.
0
Ali2016
2019-12-05 17:28:00
Жеп атканда ыйлабайт белеңиз урматтуу Чиновник калп эле өлкөнү тоноп алып ыйлабай
+3
Jacob.
2019-12-05 17:31:51
Эки күндөн бери ЖЭБ соту театрга айланып калды го..
+2
elchi84
2019-12-05 19:16:47
Кийинкилерге да сабак болсун азыркы чондорго.
+2
bekmaral
2019-12-05 21:06:14
Булардын иштеп жаткан жерине уй було балдарынын суротун илип коюш кк Зеленский аймакчы.Анан ойлонот жесемби же жебей эле койсомбу деп.
+2
prorab
2019-12-06 15:32:48
Бир КУДАЙЫМ ӨЗҮ билет эми, ким күнөөлүү, ким таза экенин. Балким күнөөлүдүр бирок ушу киши мэр болгондон тартып жалалабадда өнүгүүгө карай жылыштар болгон эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан