ЖЭБ соту: Осмонбек Артыкбаев жана Ольга Лаврова айып пул төлөөгө милдеттендирилди, Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкулов сот залынан бошотулушту

Бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда коррупция боюнча айыпталып жаткандарга карата соттун чечими чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып салынды.

Мурунку финансы министри Ольга Лаврова 3 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

"Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2 жыл 6 айга соттолушту, алардын жаза мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулушту.

Чечимди судья Инара Гилятзединова окуду.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2017-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

ЖЭБ соту: Исаков жана Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alimbek1000
2019-12-06 21:02:58
Сот гумандуу, акыйкат чечим чыгарыптыр.
-4
Alimbek1000
2019-12-06 21:03:13
Сапар менен Айбеке женил берип коюптур го
-1
Saiit
2019-12-06 21:26:20
Alimbek1000,Эл душмандарын омур бойу кучотулгон тартипке кесиш керек эле!!
+4
Akshumkar
2019-12-07 21:00:48
Alimbek1000,Сапарды акташ керек болчу кайактагыны женил же тезек жаккын келип жатабы
+2
Store
2019-12-06 23:20:09
Ыйлап отуруп акыры акча менен эле кутулмакчы болушуптурда, бирок бул экс министрлерге мынча айып акчасы азда, буларга мындан он эселеп көп грузить этиш керек эле.
0
elchi84
2019-12-07 04:42:14
3 менен 5 миллион деген булар эчтеке деле эмес .
+2
Suzak12
2019-12-07 11:35:32
3 менен 5 миллион алат экенсинер камабай эле жон эле сурасанар болмок экен булар учун ал акча эч нерсе эмесда акыйкат чечим чыкпаптыр деп ойлойм.
+2
keku00
2019-12-07 13:44:38
Ольганы камаганынарда таяк жейт эленер да бироодон))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан