Кримтөбөл Батукаевдин иши: Кийинки отурум УКМКнын имаратында өтөт

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча бүгүн, 19-декабрга белгиленген соттук отурум жылдырылды. Буга Алмазбек Атамбаевдин отурумга катышпаганы себеп болду. Жарым саатка созулган соттук отурумда судья кийинки процесс УКМКда өтөрүн айтканын жактоочу Сергей Слесарёв билдирди.

"Тилекке каршы, иш мурункудан дагы татаалдашты. Сот мамлекеттик айыптоочулардын өтүнмөсү боюнча, кийинки отурумду УКМКнын имаратында болорун билдирди. Эми соттор улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет деп аталып калат. Бирок мыйзамда кылмыш иши боюнча көчмө отурумдарды өткөрүү каралган эмес. Анткени алар атайын жабдыгы бар сот имаратында өтүшү керек. Бирок УКМКда андай шарт жок. Процесстин катышуучулары үчүн аудио, видео жазуу каралган эмес. Ал эле эмес, ал жакта телефон, компьютерлерди колдонууга тыюу салынган. Экинчи пункт боюнча айта кетсем, эгер отурум УКМКда өтсө, журналисттер жана отурумга келген жарандар сыртта, суукта күтүүгө аргасыз болот. Мына ушинтип соттор жарандар жөнүндө "камкордук" көрүп жатат", - деди жактоочу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Absamat-90
2019-12-19 15:39:55
Бир кун ооруу, бир кун соо Алымкан боло берсе ошондой кылат да.
+1
robot111
2019-12-19 15:41:27
Акаев, Бакиев президент болуп турганда дагы Батукаевди бошотуу боюнча ири суммалар сунушталып, бирок кылмышкер бошотулган эмес. Кримтөбөлдүн ишинде миллиондогон акчалар маанилүү ролду ойногондуктан Атамбаев баарына кайыл болуп, бошотуп жиберишти. Батукаев чындап эле оорулуу болгон күндө да түрмөдөн дароо чыгаруу мүмкүн эмес болчу. Ал деген кыргыздын бир катар чиновниктерин жок кылган канкор киши. Аны абакта кармоо дагы аздык кылат болчу. Эгер оорулуу деп бошотсо, биздин абакта жаткан андан да аб
+1
Jaznura
2019-12-19 15:46:27
Атамбаев келбесе ага барып өкүм чыгаргыла.
+2
sinej
2019-12-19 15:54:17
Бул сот Сооронбайдын кызыкчылыгын коздогон сот. Атамбаев молодец. Азыр Сооронбайдын былыктарын, коррупциялык иштерин ачык айткандарды ачык эле муунтуп жатышат. Эл көтөрүлүш чыгарат. Сооронбай Жээнбеков татыксыз адам. Эл ото эле Сооронбай Жээнбековго нааразы. Соке бийлике жон жерден эле келип калган болчу. Сооронбайды кетиребиз. Кетирип салгыла Сокени. Соттор Матраимдерге иштеп калыптыр.
-2
talaa11
2019-12-19 16:28:01
Атамбаев калпеле Алымкан болуп атат сотко келгиси келбесе анда барып туруп отуз жылга окум чыгарып келгиле мына сага деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан