Батукаевдин иши: Жактоочунун сөзү бүтпөй, бүгүн да өкүм чыккан жок

Бүгүн, 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда өткөн мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу соттук иш аягына чыкпай калды.

Териштирүүдө мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин экинчи жактоочусу Сергей Слесарёвдун сөзү жумуш күнү бүтүп калганына байланыштуу аягына чыкпай калган. Буга байланыштуу сот отуруму 23-июнда эртең мененки саат 9да улантылмай болду.

“Биз соттон эмгек кодексин бузбоону жана процессти кийинкиге калтырууну суранганбыз. Сөзүмдү аягына чыгарып жетише албадым”, - деди ал.

Слесарёв мыйзамсыз томдор тууралуу сүйлөп жетишкенин айтты. Анын айтымында, бул боюнча коомчулук кабардар болгон эмес.

Батукаевдин иши сотто кандай тергелгени боюнча жактоочу Замир Жоошев өз пикирин ачыктады. Анын айтымында, соттун жабык каралганы акыйкаттуулуктун ачыкталышына тоскоолдук жараткан.

"Батукаевдин иши боюнча өкүм чыкканы жатат. Бирок соттук отурумга маалымат каражат өкүлдөрү катышкан жок. Албетте, алар катышса, маалымат каражаттары аркылуу коомчулук чындыкты билип, көзү ачылмак. Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаевди же башка айыпталуучуларды коррупционер деп күнөөлөгөндөр да түшүнүшмөк. Чындыгында бул иш боюнча фигурант болгон адамдар эч кандай кылмыш кылган эмес", - дейт Жоошев.

Буга чейинки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

Мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаеваны 15 жылга эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну;

ЖАМКнын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратуу жана полковник наамынан ажыратууну;

Академик, дарыгер Абдулхалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялоону суранган.

Жалпысынан бул ишке 19 адам айыпталуучу катары каралууда.

Батукаевдин иши боюнча өкүм чыккан жок
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
urmat94
2020-06-20 00:28:01
Башка саясатчылардын иши жабык откондо унчуккан эмессинерго силер да
0
Ruslan-Gaparov
2020-06-20 23:01:40
7 жылдан бери чечалбадынар ушул маселени
0
Ruslan-Gaparov
2020-06-20 23:02:06
же токтотуп жаап салгыла бул теманы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан