Бүгүн, 10-декабрда Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланат.
Соттук отурум 6-декабрда өтмөк. Судья ооруп, жумушка чыкпай калганына байланыштуу 10-декабрга жылдырылган.
Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.