Бүгүн, 17-мартта Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок отурум жактоочу Алия Турумбекованын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды.
Кийинки отурум 19-март күнүнө саат 10:00до өтөт. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.