Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна профессор Абдухалим Раимжанов келди. Ал Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылгандыгы боюнча соттук отурумга чакыртылган. Сот отурумунан чыккандан кийин Раимжанов SUPER.KG'нин суроолоруна жооп берди.
Ал быйыл 77 жашка толгонун айтат. Учурда ден соолугу жакшы эместигине да токтолду.
"Мени сенин буйругуң менен Батукаевге ошондой диагноз коюшкан деп күнөөлөп жатышат. Бирок андай болгон эмес, ал учурда мен ооруп ооруканада жаткан элем. Менин эч кандай тиешем жок болсо да ишти жылдырып отурушуп ушул деңгээлге алып келишти. Мен окумуштуу адаммын, жашым 80ге таяп калды. Ушул нерселерден улам омурткама 4 жолу операция жасалды, 3 жолу микроинсульт алдым.
Мен ким буйрук берген деген суроого жооп бере албайм, себеби аны билбейм. Бул диагноз боюнча айтсам менин тиешем жок, бирок кандай болгондо да дарыгерлер буйрукту аткарышкан", - деди ал.
Окуянын чоо-жайы:
Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.