Кримтөбөл Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаевдин кан басымы төмөндөп, отурумга келбегендиги айтылды

Бүгүн, 17-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумдун болушу күтүлүүдө. Отурумга мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева келди. Отурум жабык эшик артында өтөт.

Жактоочу Замир Жоошев: "Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы төмөндөп кетиптир. Мен билгени ал көрсөткүч 50/78 болуп төмөндөп кеткен. Андыктан ал отурумга келе алган жок", - деп жактоочу отурумга кирип кетти.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Absamat-90
2019-12-17 16:11:55
Биздин политиктердин методикасы ушундай, ооруп калмай.
0
Bektur2011
2019-12-17 16:12:03
Шылтоону токтот АША! Пакистанда экс-президент өлүм жазасына тартылып жатат! Ойлон, эсиң барда элден кечирим сурап уурдаганынды кус!
+1
chake
2019-12-17 16:12:07
Пакистанда экс Президентти өлүм жазасына тартууга өкүм чыгыптыр бизде кандай болор экен
0
Alimbek1000
2019-12-17 16:15:01
Эркиндикте турганда бир да жолу оорубаган эми ооруп калдыбы?
-1
bekbol2006
2019-12-17 16:41:12
Элдин канын соргондо оорубай Эле соргон.. Эми кус жегенини
-3
Isakov82
2019-12-18 01:23:57
Супер минусту силер эле басат окшойсунар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан