Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда соттук отурум качан башталары белгисиз.
"Алмазбек Атамбаев тергөөнүн жүрүшүндө Жазык кодексинин "уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгында жасалган коррупция" беренеси менен шектелип жатат. Ал эми мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Гематология борборунун башчысы Абдухалим Раимжановго айыптоочу акт тапшырылды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.