Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Жактоочу Нурбек Токтакунов Айбек Калиевге кайрылып, суроо узатты. "Эгер сизге соттук-экономикалык экспертизанын качан, кандай убакытта, кимдер эксперт катары катышары тууралуу маалымат берилсе, ага катышкан эксперттердин иштен баш тартуу өтүнмөсүн бермек белеңиз?", - деди ал.
"Ооба, Хафизов сыяктуу эксперттердин катышуусуна каршы чыкмакпыз жана бул иште компетенттүү болгон адистердин экспертиза жүргүзүшүн талап кылмакпыз. Иш боюнча жүргүзүлгөн соттук-экономикалык тыянак 36 беттен турган документ. Анын негизинде мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилгени жазылган. Анын 8-бетинде эч нерсеге негизделбеген таблица бар. Ал эми калган беттеринде жөн гана соттук иштин фактыларын белгилеген жазуулар. Ошондуктан шаардык сотто менин жактоочум, экспертизаны кайра жасоо тууралуу өтүнмө келтирген тилекке каршы, ал өтүнмөдөн баш тартылды. Бизге экспертиза тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес. Ал эми аны менен таанышууга 1 жарым саат гана убактыбыз болгон", - дейт Айбек Калиев.