Ал өндүрүштүк кырсык химиялык цехтеги суунун жетишсиздигинен келип чыкканын айтты.
Андан соң ал мамлекеттик айыптоочулардын суроолоруна жооп берип жатып, ЖЭБдин ичиндеги турбиналык цехтин абалы талапка жооп бербей калганын айтты. "Талапка жооп берсе мындай жагдай жаралбай болчу да. Андан сырткары жабдуулар жайгашкан бөлүктө терезелердин жана чатырдын жоктугу негизги себептерден болду", - деди башкы инженер.
26-январда Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө
төмөндөгөн. Мындан улам бир жыл мурун Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган.