КҮНСОБОЛ: Тажик генералынын сөзүнө карата расмий Бишкектин реакциясына кандай баа бересиз?

Тажик басылмалары "Эгерде тарыхты каза келсек, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталышта макала жарыялап, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деп айткан. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттин элчисин чакырып, жолугушууда кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатканын билдирди.

SUPER.KG порталы "Тажик генералынын сөзүнө карата расмий Бишкектин реакциясына кандай баа бересиз?" деген собол салды.

ТУРСУНБЕКОВ: "Генералдын айткан сөзү эл аралык мамилеге таасир этиши мүмкүн"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков генералдын айткан сөзү эл аралык мамилеге таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

"Ал чагымчыл генерал экен. Тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Тышкы иштер министрлиги элчини чакырганы туура болду. Тиешелүү реакция болууда. Өзүнө жооп бербеген адамдар ушинтип чагымчыл болушат. Бул эл аралык мамилеге таасирин тийгизет", - дейт Турсунбеков.

ТИЛЛАЕВ: "Тажик генералы кыргыз элинен кечирим сурашы зарыл, өкмөт экинчи мындай нерсе кайталанбашы керектигин айтышы шарт"

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевдин айтымында, өкмөт экинчи мындай нерсе кайталанбашы керектигин айтышы зарыл.

"Генералдын сөзүнө жооп бериш керек. Тышкы иштер министрлиги бул сөзгө элчини чакырып, жооп берди. Ал генералдын баркын көтөргөнүбүз туура эмес. Ал айтса эле жерибиз Тажикстандыкы болуп калбайт. Ал жерде ата-бабаларыбыз кылымдап жашап келген. Ал маалда Тажик мамлекети болгонбу же болгон эмеспи? Бул дагы маселе. Тажик мамлекети болуп качан бөлүндү? Бул тууралуу да билишибиз керек. Бул жер биздики, керек болсо андан да чоң жерлер бизге караштуу. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүү башкы милдет. Кагылышууга, чагымчылдыкка алдырсак бул маселе токтоп, анын чечилиши да оор болуп калат. Бул маселени дипломатиялык жол менен чечкенге аракет кылышыбыз зарыл. Бирок мындай кайрылуулар кайталанбашы үчүн сөзсүз генерал кечирим сурашы керек. Бул эки элдин кагылуушусуна алып келиши мүмкүн", - дейт Тиллаев.

САБИРОВ: "Кыргыз-Тажик чек ара маселеси чечилмейинче ар кандай сөздөр айтыла берет"

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргыз-Тажик чек ара маселеси чечилмейинче ар кандай сөздөр айтыла берет деген пикирде.

"Чек ара маселеси чечилмейинче ушундай сөздөр айтыла берет. Өткөндө эле бул боюнча айтып жатпадык беле. Ошол үчүн бул багытта өкмөт иштеши керек. Өкмөт вице-премьерлерди алмаштыра бербей, өзү ошол жерге барып, чек ара маселесин чечкенге аракет кылуусу зарыл. Өкмөт алсыз болуп, эч нерсе чечилбей жатса алар ушундай саясий билдирүүлөрдү жасай беришет", - деди Сабиров.

ШАКИЕВ: "Тажик генералынын айткандары абдан жоопкерчиликсиз жана чагымчыл мүнөздү камтыйт"

Экс-министр Нурланбек Шакиев тажик генералынын айткандары абдан жоопкерчиликсиз жана чагымчыл мүнөздү камтый турганын айтты. "Биздин Тышкы иштер министрлиги өз убагында тиешелүү жообун берди.
Андыктан ар кимибиз эле ар кандай ой-пикир, талкууларды, бир беткей жоопторду айта берүүдөн карманып, этият болгонубуз дурус. Арийне, оболу биз өзүбүздө ошол сыяктуу жагдайларга өңүт бербешибиз үчүн зарыл иш-чараларды жасашыбыз абзел. Өлкөбүздүн түндүк-түштүгүндө бүтүндөй жер суунун аталыштарын толук кыргызча атоого тийишпиз. Маселен, түштүктө тажикче, өзбекче аталыштагы бир нече жерлерибиз бар. Түндүктө болсо көптөгөн айыл-кыштактарыбыз орусча аталышта. Ошондон улам кийин да ушул өңүттө ар кандай маселелер чыкпашы керек. Тажикстан беш, алты жыл мурун эле эзели бир тажик улуту жашабаган Мургаб, Жергетал өңдүү жалаң кыргыздар жашаган район, айыл-кыштактарын бүт тажикче аталышка өткөргөн. Башка кошуна өлкөлөрдө да баары мамлекеттик тилге которуп, атап коюшкан. Биз болсо буга олуттуу мамиле жасабай жүрөбүз.
Бүгүнкү өкмөт, Жогорку Кеңеш ушул маселени кечиктирилгис чара катары карашы зарыл", - дейт Шакиев.

АСАНОВ: "Тажик генералынын сүйлөгөнү боюнча кыргыз тараптан расмий кайрылуулар болду. Эми Тажикстандын реакциясын байкаш керек"

Саясатчы Бектур Асанов тажик генералынын сүйлөгөнү боюнча кыргыз тараптан расмий кайрылуулар болгонун айтты. "Тажик генералынын айтканы чагымчылдык. Бул тажик бийлигинин макулдугу менен болду болуш керек. Тажиктер ээн-эркин сүйлөшпөйт. Биз тараптан деле расмий кайрылуулар болду. Эми Тажикстандын реакциясын караш керекпиз. Эгерде мамлекет тарабынан генерал тарабынан ачык чагымчылдык болсо, ошого жараша мамиле жасаш керек. Тажиктер 80 пайыз географиялык жактан бизге көз каранды. Тажикстандын Кытай менен соодасы биз тарап жактан болот. Биз тажиктерге анчалык деле көз каранды эмеспиз", - дейт Асанов.

МЕДЕТБЕКОВ: "Тажик генералы сабатсыздык кылды же саясий упай топтогонго аракеттенди"

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков тажик тараптын реакциясын күтүү керектигин айтты.

"Тажикстандын Ички иштер министринин мурдагы орун басары ушундай комментарий берип жатканы анын жеке пикири болуш керек деп ойлойм.Тажикстандын жетекчилигинин мындай пикири болбошу мүмкүн. Генерал сабатсыздык кылды же саясий упай топтогонго аракеттенди. Анын бул айтканы Тажикстандын көптөгөн саясатчыларына дагы таң калычтуу болуп турат. Ал одоно туура эмес айтып алганын сезиши керек. Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Баткен жери эч убакта Тажикстанга караган эмес. Тажикстандын генералынын эсинен чыгып кеткен окшойт 1992-1997-жылга чейин Тажикстанда жарандык согуш болуп турганда Кыргыз мамлекети тарабынан жардам берилген. Тажикстандан келген качкындарды Кыргыз мамлекети багып, аларга көмөк көрсөткөн. Бул генерал ушундай жакшылыктарды билбейт болуш керек. Мамлекет тарабынан билдирүү болду, эми ал жактан реакция болушу шарт", - дейт Медетбеков.

Тажик генералына Кыргыз тараптын жообу: “Баткен Тажиктики болгон эмес, болбойт дагы“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан