МЫРЗА: “Жогорку Кеңештин курамы начар болуп ким, кандай кийингенин талкуулаганы өкүндүрөт”
Жарандык активист Айбек Мырза депутаттар өздөрүн бийик көрсөткүсү келди дейт.
“Уяттуу иш. Бири айылдан келет, бири шаардан келет да. Ар кандай кийим-кече кийип келишет. Анан аларды дресс-код менен өткөрүү такыр туура эмес. Биринчиден, бул карапайым элди кыйноо. Экинчиден, элден алыстоо. Үчүнчүдөн, өздөрүнүн статусун каста катары көргөнү туура эмес. Өздөрүн аябай бийик көрсөткүсү келгенин байкадым. Мен да бир жолу Жогорку Кеңешке чакырылып калдым. Жакшынакай эле классикалык стилде кийинип жүргөм. Бирок шымым жынсы болгондуктан киргизбей коюп, ыңгайсыз абалда калгам.
Жогорку Кеңештин курамы ушундай начар болгону өкүндүрөт. Элдин турмушун оңдой турган, экономиканы көтөрө турган мыйзам долбоорлорун, өкмөттү курагандын, жакшы кадрларды бекиткендин ордуна пас деңгээлге түшүп кетти. Жогорку Кеңеш “сен эмнеге мындай кийинип келдиң? Эмнеге кыйшык карап койдуң? Сен катуу кыйкырып койдуң” деген маселелерди көтөрүп, элди талкуулап жатканы өкүндүрөт.
Ал эсепчинин да кадыр-баркына шек келтиришти. Коомчулуктун көзүнчө улгайган эле кишини уяткаргандары туура эмес көрүнүш. Ал да бирөөнүн атасы, куда-сөөгү бар, такыр эле туура эмес кийинип барган болсо эскертүү менен деле чектелишсе болмок. Өзүнчө чыгарып алып, “сиз туура эмес кийинип келиптирсиз” деп айтса деле болмок да”, - дейт ал.
ҮСӨЙҮН: “Жогорку Кеңештин деңгээли кандай экенин билчүбүз. Кечээтен бери аны дагы бышыктап көрсөтүшкөнү өкүнүчтүү”

Активист
Улан Үсөйүн бир гана Жогорку Кеңеште эмес, Кыргыз мамлекетиндеги жарандар кийимге карап мамиле кылып калышканын айтты.
“Жогорку Кеңеште эмес, Кыргыз мамлекетиндеги жарандар кийимге карап мамиле кылганы мага жага бербейт. Негизи учурда курсагы тойбой жаткандар бар. Ал эми курсагы тойгондор элге көрүнүш керек деген түшүнүк менен жашайт. Бул нерсе бизде жугуштуу оору сыяктуу болуп калды. Жогорку Кеңеш, жөнөкөй эл болобу ар бир адам кийими, анын сырткы келбетине карабашы керек. Тескерисинче, адамдын акылы, ички дүйнөсүнө карап мамиле кылынышы зарыл.
“Балык башынан сасыйт” дегендей Жогорку Кеңештен баштап, бардык жерде ушундай көрүнүш болуп кетти. “Алыбай алына жараша” деп коёт. Алыбыз ошого эле жетип жатат. Ички дүйнөнүн байлыгы, иш жөнүндө сүйлөшпөй, сырткы көрүнүш менен эле күрөшүп жатабыз. Менин жеке пикиримде өкмөттө болобу, Жогорку Кеңеште болобу дресс-код деген болбошу керек. Кийим эч нерсени чечпеши зарыл. Аны биз адам катары карашыбыз абзел. Буга чейин эле Жогорку Кеңештин деңгээли кандай экенин билчүбүз. Эми кечээтен бери аны дагы бышыктап көрсөтүшкөнү өкүнүчтүү. “Уялбагандан өзүң уял” деген сөз бар го, алар уялбайт деле, мындай нерселерден өзүбүз уялышыбыз керек”, - деди Үсөйүн.
ТЫНАЕВ: “Депутаттар сын айтуудан мурда кынтыкты өздөрүнөн издеп көрүшсүн”

Медиа эксперт
Азамат Тынаевдин айтымында, Жогорку Кеңештин жыйындар залына жеткенге чейин 2-3 өткөрмө пункту бар. Депутаттар мындай дооматтарын күзөттө турган кызматкерлерге коюшу керек.
“Жогорку Кеңештеги дресс-код алардын ички иши. Мекеме катары ал жакка келген кишилерди кийим-кечеси тууралуу кандайдыр бир чечимдерди кабыл алганга толугу менен укуктуу. Жеке эле парламентте эмес, ар бир мекеменин ички мыйзамдары болот. Ал жагын түшүнөбүз. Бирок кептин баары адамга күнөө коюп, орой мамиле жасаганда болуп жатат. Биринчиден, Жогорку Кеңештин жыйынына кандайча кирип калганын сураш керек болчу. Анткени ал жакка кирүү үчүн бир эмес, 2-3 жердеги күзөтчүлөрдүн текшерүүсүнөн өтөт. Анан ал жакта отуруп алышып мындай кийин деп “Модный приговор” телеберүүсүнөн бетер сынашат. Андай болсо эмнеге өткөрмө тосмолордон унчукпай киргизишет? Депутаттар мындай дооматтарын күзөттө турган кызматкерлерге коюшу керек эле. Ошондуктан ал жакта отуруп сын-пикир айтардан мурда кынтыкты өздөрүнөн издеп көрүшсүн. Саясатчылар, депутаттарда дагы өзгөчө этика болушу керек. Бул бир гана депутаттарда эмес, бардык жарандардын ортосунда адамдык сапаттын принциптери болушу зарыл”, - деди Тынаев.