КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?

Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев телеканалдардын бирине маек берип жатып, гимндин кайырмасынын текстин туура эмес ырдаган. Мындан улам депутат коомчулуктун сынына кабылды. Эл өкүлү журналисттерге гимнди ырдап бергенине өкүнүп жатканын билдирген. SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин депутатынын мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени эмнени билдирет?" деген собол салды.

КУЛУЕВ: “Депутаттын гимнди билбегени өкүндүрө турган көрүнүш”

Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев депутаттын гимнди билбегени өкүнө турган көрүнүш экенин айтты.

"Жогорку Кеңештин депутаты эле эмес, ар бир инсан гимнди билүүгө милдеттүү. Гимн Кыргыз жарандары үчүн ыйык болушу керек. Гимнди жаттап алуунун кыйынчылыгы деле жок. Депутаттын гимнди билбегени өкүнө турган көрүнүш. Депутат өз өлкөсүнүн мамлекеттик символдорун сыйлабаганы туура эмес", - деди Кулуев.

ТУРУСКУЛОВ: "Депутат үчүн гимнди билбеген уят экенин фракциябыздын жыйынында айтам"

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов эл өкүлү болгондон кийин гимнди милдеттүү түрдө билиши керек деген пикирде.

"Эгемендүүлүктү алганыбызга 27 жыл болуп, жакында эле майрамдадык. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин биздин желегибиз, гербибиз, гимнибиз бар. Негизи эл өкүлү болуп баратканда эгемендүүлүктү качан алганыбыз боюнча желегибиз кайсы түстө, гимнибиздин текстин, мамлекеттин тарыхын сөзсүз түрдө билүү зарыл. Гимнди билбеген депутаттын жазаланышы мыйзамда каралган эмес. Мен гимн боюнча фракция депутаттарынын баарынан экзамен албайм да. Фракциянын жыйыны өткөндө гимнди билбеген уят деп айтып коём", - деди Турускулов.

СУЛАЙМАНОВ: "Депутат көп нерсени билгенге милдеттүү эмес, бирок гимнди билбесе өтө уят"

"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов гимнди билбеген депутат коомчулук тарабынан сындалып жатканы жетиштүү жаза экенин айтты.

"Жогорку Кеңештин депутаты көп нерсени билгенге милдеттүү эмес. Бирок мамлекеттин символикасы болгон гимнди билбегени биз үчүн өтө уят нерсе. Гимнди билбеген депутатка элдин жазасы жетиштүү. Ага карата чараны коомчулук берип жатат. Андан өткөн оор чара барбы?" - деди Сулайманов.

ИКРАМОВ: "Адам гимнди жатка билсе - акылдуу, билбесе - акылсыз" деген туура эмес"

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамовдун пикиринде, гимнди жатка билиши менен билбей калышы адамдын акылынын деңгээлинен кабар бербейт.

"Гимнди сөзсүз билүү боюнча Конституцияда жазылган эмес, сөзсүз билиш керек деген шарт жок. Бирок гимнди жатка билип коюу ар бир адамдын өзү үчүн жакшы нерсе. Бул салтанаттуу, расмий жерде ырдала турган ыр да, ошол жерде музыкасына кошулуп, ыргак менен ырдап кетсе болот. Ал эми бардык эле адамдан, депутат болобу, ырчылардын өзүнөн болобу күтүлбөгөн жерден сурасаң сөзүн таппай калышы мүмкүн. Гимнди жатка билген адамды акылдуу деп, сөзүн таппай калса акылсыз деп коюу туура эмес нерсе", - деди Икрамов.

АКИМОВ: "Депутаттын гимнди билбей калуусун трагедия катары кабыл алуунун кажети жок"

Журналист Турат Акимовдун айтымында, гимнди билбей калууну трагедия катары кабыл алуунун кажети жок.

"Гимнди билбей калуу чоң деле күнөө эмес да, өзүнчө саясий трагедия кылыштын эмне кереги бар? Болгону көңүл буруп, кунт коюп уккан эмес, башка иштери менен алек болуп жүргөндүр. Кыргыз мамлекетине сөзсүз гимнди жаттап алган адам керекпи? Сураштыра келсек элдин жарымы билбей, жаттабай калышы мүмкүн. Адам баласы негизи жумуш менен бааланат, өзүнүн жумушун мыкты билсе, так аткарса ошол өлкөгө кошкон салымы болот. Депутаттар деле өлкөгө кызмат кылып жатат, салыктарын төлөп жатат, ар ким өз деңгээлине жараша кызматын кылып жатат. Эми аларды гимнди ырдабайт деп атып салабызбы?" - деди Акимов.

БАБАКУЛОВ: "Гимнди маскаралап ырдаган депутатты сотко берели дегенбиз, бирок ал кыргыз элинен кечирим сураганы үчүн бербей калдык"

Жарандык активист Аманбол Бабакулов гимнди маскаралап ырдаган депутатты сотко бербей калышканын айтты.

"Депутат кыргыз элинен кечирим сураганы үчүн сотко бербей турган болдук. Биз депутат гимнди 10 күндүн ичинде жаттап, коомдук телеберүү аркылуу түз эфирде ырдап беришин талап кылабыз. Ал эми жеке пикирим боюнча Жогорку Кеңештин депутаты гимнди билбегени уят көрүнүш. Ал эмес, менин бала бакчага барган 5 жаштагы балам гимнди жакшы ырдайт. Бала бакчаларда балдар гимнди жатташат. Гимн биз үчүн сыймык болуш керек. Биздин спортчулар жеңишке жеткенде гимндин жаңырышы сыймык", - дейт Бабакулов.

КӨЧӨРБАЕВ: "Гимнди билбеген адам мамлекеттин деле кызыкчылыгын коргой албайт"

"Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мурдагы лидери Замир Көчөрбаев өз пикиринде, депутаттын гимнди билбегени кайдыгерлик, көкүрөгүндө улуттук, патриоттук сезимдин жок экенин билдирет.

"Кыргыздын ыйык нерселерине көңүл бурулбаган көйгөйлөргө азыркы системди күнөөлөчүмүн. Бүгүнкү күнү бизнесмендердин, колунда барлардын учуру келип, акчанын күчү менен бийликтин жогорку бутактарына барып алып өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, бизнестерин коргоп жатышат. Ошолордун айынан бүгүн ушундай нерсе пайда болуп жатат. Гимнди билбеген адам мамлекеттин деле кызыкчылыгын коргой албайт. Өзүнүн жеке кызыкчылыгын коргойт. Бир гана ал депутат эмес, Жогорку Кеңештин жарымынан көбү билбейт болуш керек. Бирок арасында билгендер деле бар", - дейт Көчөрбаев.

АЙБЕК МЫРЗА: "Өз гимниңди билбей калуу – акмакчылык"

Жарандык активист Айбек Мырза белгилегендей, ар бир жаран гимнди милдеттүү түрдө жатка билүүсү шарт.

"Өз гимниңди билбөө – акмакчылык. Эл өкүлү болгондон кийин гимнди милдеттүү түрдө билиш керек. Депутаттын гимнди билбегендиги эл аралык деңгээлде уят боло турган көрүнүш. Учурда Жогорку Кеңешке мекенчил сезими жок, улутка күйбөгөн жалаң эле бизнесмендер, акчалуулар келип алды. Алар буга чейин элдин көйгөйүн көтөрбөй, эл менен мамиле кылган эмес, өз кызыкчылыктарын коргоо максатында келип алышты.

Гимнди билүү ар бир жарандын милдети, гимнди билүү менен биз мекенге болгон сезимди далилдей алабыз. Бардык нерсе мекенди сүйүүдөн башталат, ар бир катардагы жарандан тартып мамлекеттик жетекчилерге чейин гимнди билиши керек. Ата-бабалардын тарыхы, тилеги, үмүтү бардыгы гимнде жазылып турбайбы, ошол себептен билүү милдет. Ушуну менен эле өлкөнү сүйөрүбүздү далилдеп коёбуз деп да айта албайм, бирок кандайдыр бир деңгээлде гимнди билүү милдет", - деди Айбек Мырза.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан