КҮНСОБОЛ: Жолдубаева менен Сегизбаевдин ордуна кандай адам келиши керек?

7-апрелде Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошотулган. Көп күн өтпөй президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурорлуктан Индира Жолдубаеваны бошотууну Жогорку Кеңешке сунуштаган. Анын сунушун 105 депутат колдоп, Жолдубаева да кызматтан кеткен. Эми булардын ордуна кандай жетекчи келиши керектиги боюнча SUPER.KG порталы собол салды.

МАМЫТОВ: "Жээнбеков демократияны эмес, меритократияны курганы жатат"

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов аталган эки кызматка мекенчил инсандар дайындалса жакшы болмок деген пикирде.

"Бул кызматтарга тажрыйбалуу, эл менен иштегенди билген, коопсуздук, юридикалык маселелерди түшүнгөн, билимдүү инсандар келиши керек. Ошону менен катар эле коррупцияга малынбаган таза адам болсо жакшы болмок. Анан, албетте, адамдык сапаты бийик болуусу зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасында демократияны эмес, меритократияны курам деген программасын ишке ашырып жатат. Меритократия деген бул бийликке таза, билимдүү, коррупцияга малынбаган, татыктуу инсандар келсин дегенди түшүндүрөт. Ушул программасын жарыялагандан кийин көмөктөш болгон инсандар келсе жакшы болмок. Демократияны куруу жеңил, меритократияны куруу оор. Себеби меритократия демократияны да өзүнө камтыйт", - дейт Мамытов.

МАТРАИМОВ: "Бул кызматтарга кимдин келишин президент өзү чечет"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимов УКМК башчылыгына жана баш прокурорлукка кандай адамдар келиши керектигин айта алган жок. "Бул кызматтарга кимдин келишин президент чечет. Мен бул боюнча пикиримди айта албайм. Ал эми келе турган кызматкерлердин жеке сапаттарын карап, "чынчыл, мамлекетчил, коррупция менен күрөшкөн адам келсин" деп баарыбыз айта беребиз да. Баарынан сурасаңар, ушундай жооп аласыңар", - деген ойдо Матраимов.

МАДУМАРОВ: "Элдин каргышынан корккон азамат бул кызматка барса болот"

Саясатчы Адахан Мадумаров башкы прокурорлук кызматына прокуратура тармагында көп жыл иштеген, абдан дасыккан, эң негизгиси колу менен ою таза адам келиши керектигин айтты.

"Башкы прокурорлук кызматына Кыргыз Конституциясынын мыйзамдарынан эле эмес, акыретте Алладан корккон, ыйманы бар адам керек. Ордун алмаштырып койгондон эч нерсе өзгөрбөйт. Мына, буга чейинкилери Атамбаевге кызмат кылып келсе, кийинкиси Жээнбековго кызмат кылат деген түшүнүк менен алып келсе, анда бүттү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалыгына жүрөгү мекеним деп соккон инсан келүүсү зарыл. Кара курсагым, үй-бүлөм, тууган-уругум, жолдошум, досторум деген эмес, менин мекеним деген сезими бар инсан керек. Ал жерге өтө катуу адис болуунун деле кажети жок. Негизгиси, мамлекетке катуу берилген, бардык тарабынан таптаза, эч кандай күмөн жаратпаган азамат келиши керек. "Мен Алланын алдында ак болгонду каалайм, калктын алдында таза богонду каалайм" деген адам керек. Бул аркы дүйнөнүн азабынан корком деген түшүнүк. Элдин каргышынан корком, элдин акысын жегенден корком, элдин назарынан корком деген сөзгө жооп бере турган азамат болсо, бул кызматка барса болот", - деди Мадумаров.

ӨМҮРБЕКОВА: "Кадрдык эксперименттерди токтотуш керек"

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова аталган кызматтарга тажрыйбалуу адистер келиши керек деген пикирде. "Эч качан бул тармактарда иштебеген адамдарды дайындаган экспериментти токтотуш керек. Мурун прокуратура жөнүндө мыйзам бар эле, анда так талаптар бар болчу. Ал жерде иш тажрыйбасы да киргизилген. Мен ойлойм, ошол нормаларды кайра киргизүү зарыл окшойт. Анткени бул эң негизги көзөмөл органы болуп жатат. Экинчи жагынан караганда, өмүр бою ошол жерде иштеп жаткан адамдарды да басмырлоо болгондой сезилет.

УКМК өтө эле саясий орган болуп калды. Акыркы убакта саясий атаандаштарга каршы күрөшкөндөй сезилип калды. Эң негизгиси, бул экономика эмес. Бизде коопсуздук болсо, эл салып жаткан инвестициялар да коопсуз болсо, экономикада өнүгүү болот. Укук коргоо, сот органдарында акыйкат болбосо, экономикада жылыш болбойт. Тажрыйбалуу, жүрөгү да, колу да таза адис келиши керек", - деди Өмүрбекова.

МАСАЛИЕВ: "Баш прокурорлукка кеминде бул тармакта 10 жыл иштеген адис келиши зарыл"

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиевдин пикиринде, баш прокурор болом дегендерге тиешелүү талаптарды киргизүү зарыл. "Акыркы 6 жылдан бери Башкы прокуратурага аппаратта кагаз көтөрүп жүргөн кыздар келип жатат. Экинчи жолу ушундайга жол берилип, бул ката сезилди. Азыр саясий кызмат деп эле саясатчыларга иш козгогону менен, негизи прокуратуранын милдети бир аз башкачараак. Ошондуктан прокуратура системине жаман иштерге колу аралашпаган таза, тажрыйбалуу кадрлар келиши керек. Жок дегенде адистигин билген, түшүнгөн, кылмыш ишин, көзөмөлдү түшүнгөн адис болушу керек. Андайлар бар, андайлар көп. Прокурордун укуктарын кыскартып бүттүк. Баш мыйзам боюнча, кылмыш ишин козгой албайт. Иш козгосо да, саналуу кишилерге козгойт. 2008-жылы норма киргизгенбиз. Анда баш прокурор болуш үчүн кеминде ошол тармакта 10 жыл иштеген, облустук прокуратураны 5 жыл башкарган адис келиши керек деген талап кирген. Бирок бул 2010-жылы Убактылуу өкмөт тарабынан жокко чыккан. Менимче, ушул норма керек", - дейт Масалиев.

ШЫКМАМАТОВ: "Туура эмес кадр келип калса, президентке катуу сөз тийип калат"

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов УКМКны жана Башкы прокуратураны жетектөөгө кандай адамдар келүүсү керектигин айтты. "Биринчи кезекте, мамлекетчил түшүнүгү бар, мыйзамды туу туткан, саясий чайкоочулуктан алыс киши келиши керек. Эгер туура эмес кадр келип калса, президентке катуу сөз тийип калат. Анткени эки кызмат тең президенттин тикелей эркинен көз каранды", - деди Шыкмаматов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан