2016-жылы Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргыз жериндеги түрк лицейлерин жабуу талабы менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кайрылган. Кыргыз Тышкы иштер министрлиги Кыргыз мамлекети ички маселелерди чечүүгө өз кудурети жете турганын билдирген. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын таарынычы Кыргыз өлкөсүнүн “Себат” билим берүү мекемесин жаппай койгону менен байланыштуу экенин айткан. Ошондой эле ал аталган мекеме мыкты билим берип жатканын, андыктан ал жабылбай турганын билдирген. Кийинчерээк "Себаттын" аталышы "Сапат" болуп өзгөргөн. Түркия Кыргыз тарапка "Сапат" билим берүү мекемелеринен баш тартып, "Маариф" фондунун мекемелерин ачууну сунуштап келген. 1-сентябрда "Маариф" фондунун Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташуу боюнча келишими түзүлдү.
Атамбаевдин тушунда Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айрым талаптарды коюусу мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү деп кабыл алынган. SUPER.KG порталы "Жээнбековдун Эрдогандын талаптарына макул болуусун туура деп эсептейсизби?" деген собол салды.
КАЗАКБАЕВ: “Сапат” билим берүү мекемеси террордук уюм менен байланышы бар болсо, эмдигиче далилденмек”
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев “Сапат” билим берүү мекемеси Кыргыз бийлиги менен Түркиянын мамилесине эч качан залакасын тийгизбеши керектигин айтты.
“Себат” билим берүү мектептери жаңы ачылып жаткан кезде түрк бийлиги аталган мекемелердин ачылышын колдоп келген. Ал тургай түрк бийлигинин жетекчилеринин расмий иш сапарларында “Ата-Түрк” университетине жана башка билим берүү мекемелерине сапар жасашып, аталган билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн колдоо боюнча өздөрүнүн суранычтарын айтып келишкен. Бирок ФЕТӨ уюмуна байланыштуу Түркиядагы төңкөрүш окуяларынан кийин Түркия бийлиги биздин өлкөгө аталган уюмга байланыштуу бир тараптуу талапты коюп келет. Биздин өкмөт “Себат” билим берүү мекемесин “Сапат” деп өзгөртүп, Билим берүү министрлигинин катышуусу менен түзүмдүк жактан жаңыланган. “Сапат” мектептери көп жылдан бери иштеп келгендиктен өлкөдөгү билим берүү тармагында өз ордун тапкан. Анын бүтүрүүчүлөрү эл аралык олимпиадаларда алдыңкы байгелерге жетип, жогорку сапаттуу билим берүүчү мектеп экени далилденген. Аталган билим берүү мекемеси Түркия менен Кыргыз бийлигинин мамилесине эч качан залакасын тийгизбеши керек. Бул үчүн сүйлөшүүлөр дайыма жүргүзүлүшү шарт. Эгер аталган мекеме же андагы иштеп жаткан мугалимдер кандайдыр бир террордук уюмдар менен байланышы бар болсо буга ачыктан ачык далил керек. “Маариф” фонду боюнча айтсам, аталган фонд Кыргыз өлкөсүнө билим берүү мекемелерин кура турган болсо Кыргыз тарап бул үчүн ачык болуусу керек. Мисалы, бизде чет элдик көптөгөн билим берүү мекемелери бар. Эгер “Маариф” фонду тарабынан жаңы мектептер ачылса, анда “Сапат” билим берүү мекемесине карата кандайдыр бир кысым жасалганы туура эмес”, - деди Казакбаев.
НУРБАЕВ: "Сапат" билим берүү мекемелери жабылбайт"
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун "Маариф" фонду менен түзгөн келишими боюнча чечими туура кабыл алынган.
"Сапат" мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө. Ал эми "Маариф" фонду деле келип билим берүү мекемесин ача берсин. Атаандаш болсо өнүгүү, өсүү болот. Кыргыз элине пайдалуу болот. Президент Жээнбеков "Себат" боюнча "өзүм көзөмөлгө алам" деп айткан, бул окуу жай жабылбайт го", - дейт Нурбаев.
ЖОЛДОШЕВА: "Түркия мурунку президенттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарууга аракет жасабашы керек"
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошева билдиргендей, "Себат" билим берүү мекемеси Кыргыз-Түрк мамлекеттеринин ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде ачылган.
"Себат" Кыргыз мамлекетинде биринчи жолу чет өлкөлүк билим берүү мекемелерден болуп ачылган. Бул мекеме Аскар Акаевдин мезгилинде ачылып, ал кезде Түркиянын президенти Тургут Озал болчу. Ошону менен катар эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети ачылган. Аталган эки билим берүү мекемесине Кыргыз тарап абдан чоң өлчөмдөгү жерлерди бөлүп берген. Президенттер келип кете берет, мамлекет калат. Эгерде ошол окуу жайы биздин балдарга жакшы билим берүү максатын көздөп, билим берүүнүн жыйынтыгы жакшы болуп жатса, анда окуу жай калышы зарыл. Мисалы, биздин өлкөдө кандай саясий иштер болуп жатса, башка өлкөгө зыяны тийбеши керек. Башка мамлекетке барып өлкөбүздө болуп жаткан нерсени таңуулаган болбойт. Түркия дагы өзүнүн өлкөсүндө болуп жаткан терс көрүнүштөрдү, саясий келишпестиктердин айынан мурунку президенттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарууга аракет жасабашы шарт деп эсептейм. Сооронбай Жээнбеков президент Эрдогандын суроосуна өз көзөмөлүмө алам деп жооп бергени туура эле. Түркия өлкөсү - саясий чөлкөмдө орду бар мамлекет", - дейт Жолдошева.
КАДЫРБЕКОВ: “Түркиянын “Себаттарды” жабуу талабы дипломатиялык жактан да, этикалык жактан да туура эмес”
Саясат таануучу Даниел Кадырбеков “Себаттарды” ФЕТӨгө байланыштырып жатканы - бул Түркиянын ички чыр-чатагы экенин айтты.
“Түркия президентинин “Себат” мектептерин жабуу боюнча талабы биздин кызыкчылыктарыбызга жооп береби же жооп бербейби, ушул нерседен гана чыгышыбыз керек. Бирөөнүн басымында калып, анын айтканын кылуу туура эмес болуп калат. Эрдогандын талабы боюнча Жээнбеков президент кандай кадамга барат азырынча билбейм. Эгер башка өлкөлөр биздин кызыкчылыгыбызга туура келбеген ишке бизди түртүп, басым кылса, албетте, биз барбашыбыз керек. Себеби биздин эң чоң стратегиялык маанилүү нерсе - бул улуттук кызыкчылыкты сактоо”, - деди эксперт.
“Себаттарды” ФЕТӨгө байланыштырып жатканы - бул Түркиянын ички чыр-чатагы. Эрдогандын өзүнүн кадыр-баркы үчүн бизге басым кылып “мектептерди жаптырам” дегени биздин кызыкчылыкка туура келбейт. Жээнбековдун администрациясы Түркиядагы өнөктөштөрүбүзгө “биз көз карандысыз мамлекетпиз, эгер “Себаттардын” ишмердүүлүгү кызыкчылыктарыбызга туура келбесе, бул мектептерди жабабыз” деп, Эрдогандын айтканы дипломатиялык жактан да, этикалык жактан да туура эмес экенин түшүндүрүш керек”, - деп белгиледи Кадырбеков.
ЖЕКШЕНКУЛОВ: “Сапат” мектептери менен “Маариф” фондун карама-каршы койбоо керек”
Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бардык билим берүү мекемелери улуттун кызыкчылыгын көздөгөндөй болуп иштелип чыгуусу керектигин айтты.
“Президент Сооронбай Жээнбеков “Себат” маселеси боюнча сылык түрдө “бул чечилген маселе деп” абдан туура жооп берди. Менин оюмча, “Маариф” фонду менен “Сапат” билим берүү мекемесин карама-каршы койбоо керек. Биздин өлкөдө бир топ билим берүү мекемелери иштеп келет. Ошол эле маалда бул тармакта баш аламандыктар да жок эмес. Эгер “Маариф” фонду жаңы мектептерди ачам десе, бул деле жаман эмес. Эң башкысы чет өлкө тарабынан каржыланган билим берүү системалары улуттун кызыкчылыгын колдогудай болуп реформаланса жакшы болмок. Учурда жаштар чет өлкөгө тиешелүү ар кайсы билим берүү мекемелеринен билим алгандыктан алардын арасында карама-каршы пикирлер көп. Кандайдыр бир окуя болсо ар ким өз көз карашына карата чечмелеп, анысын коомго таңуулап жатат. Ошон үчүн айрым көрүнүштөгө карата элде карама-каршы көз караштар келип чыгууда.
Учурда “Сапат” билим берүү мектептеринин окуучулары эл аралык сынактарда алдыңкы байгелерге жетип, өлкөнүн атын чыгарып келүүдө. Ошол эле маалда “Маариф” фонду өлкөгө билим берүү мекемелерин ачабыз десе ага да мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мындан карама-каршы маселе жаратпоо зарыл. Бирок эң башкысы бардык билим берүү мекемелери улуттун кызыкчылыгын көздөгөндөй болуп иштелип чыкса, анда мамлекеттин келечеги үчүн абдан туура болмок. Өлкөдө да улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзүлсө, анда башка өлкөлөр да кандайдыр бир талап коёрдун алдында ойлонуп туруп анан айтмак”, - деди Жекшенкулов.
ТУРДУКУЛОВ: "Атамбаев Түркиянын талаптарына жарым-жартылай ынанып, "Себаттын" аталышын өзгөрткөн"
Жарандык активист Адил Турдукулов аталган окуу жайдын жоюлушуна каршы экенин айтты.
"Атамбаев Түркиянын Кыргыз өлкөсүнө айткан талаптарына жарым-жартылай ынанып, "Себаттын" аталышын өзгөртүп, башкаруу формасын дагы өзгөртүүгө кадам таштаган. Бул жерде Атамбаев Түркия бийлигинин талаптарынан баш тартты деген ой туура эмес. "Себат" кечээ эле пайда болуп калган мекеме эмес. Алар Кыргыз мамлекети эгемендүүлүктү алгандан баштап эң сапаттуу, алгылыктуу билим берип келген. Эл аралык олимпиадаларда ийгиликке жеткирген. Ошондуктан менин оюмча, "Себатты" жабуу туура эмес. Мен "Себатты" террорчу, экстремисттик уюм катары тааныбайм. Анткени ошол билим тармакта окуган биздин тааныштарыбыз дагы бар, алар эч кандай террорист эмес. Окуу жай көзөмөлдөнүшү керек, бирок жоюу туура эмес. Анкара тарабынан "Себат" менен бирге башка да мекеме иш жүргүзсүн десе, буга жол ачылышы шарт. Аталган окуу жай жоюлса каршы чыгабыз. Түркия бийлиги ички саясатын биздин мамлекетке таңуулабашы керек. Бул басымга биздин бийлик туруштук бериши зарыл", - деди Турдукулов.
АКМАТБЕКОВ: "Түркия президенти айтып жаткан мектептер эл аралык деңгээлде кооптуу катары кабыл алынган эмес"
"Марал" радиосунун директору Руслан Акматбековдун пикиринде, Түрк президентинин Кыргыз бийлигине карата талабы өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп саналат.
"Режеп Тайип Эрдогандын Гүлендин кыймылын башкы маселе кылып, башка өлкөлөргө таңуулаганы, албетте, бул ички иштерибизге кийлигишүү болуп саналат. Ал айтып жаткан терроризмге тиешеси бар деген уюм же адамдар - өздөрүнө гана тиешелүү маселе. Президентибиз да “алар биздин мыйзамга ылайык, иш алып барат” деп бул маселеге так жооп бергенине карабай, кайра-кайра айта беришин биздин өлкөгө карата урматсыздык катары караса болот. Биздин деле жетекчилик жана атайын кызматтар бар. Түрк президенти айтып жаткан мекемелердин өлкө коопсуздугуна каршы иш аракеттери болсо билмекпиз да. “Мен буларды тигиндей деп эсептейм, силер да ушундай эсептегиле” дегени туура эмес. Мисалы, биз деле өзүбүздүн ички саясатка байланыштуу маселени Түркияга барып таңуулай албайбыз.
Түркия президенти айтып жаткан уюм эл аралык деңгээлде кооптуу катары кабыл алынган эмес. Керек болсо айтылып жаткан билим берүү мекемелери убагында эки өлкөнүн келишими менен Эрдогандан мурунку премьер-министр, президенттердин катышусу астында ачылган. Экинчи чоң маселе, террордук уюмдар качан эле билим берүү мекемелерин ачып, эл аралык олимпиадаларга окуучуларды жиберип калды эле?
Сооронбай Жээнбеков да “Эгер мыйзамды буза турган болсо жана эки өлкөнүн маселесине доо кетирсе анда жоопкерчиликке тартылат” деп так айтты. Бирок учурда андай жагдай жок да", - деди Акматбеков.