Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында депутат Руслан Казакбаев президентке ачык кайрылуу жасады. Эл өкүлү Сооронбай Жээнбеков Таласка жасаган сапарында мурунку премьер-министрлер, спикерлер менен өлкө кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даяр экенин айтканын эске салды. "Оппозициядан Жээнбековго атаандаш талапкер катары чыккан Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 34 пайыз добушун алган болчу. Аягында шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, президентти колдоп берди жана өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашкан жок. Өзүмдүн жана шайлоочулардын атынан президенттен Бабановго козголгон кылмыш ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранат элем", - деп кайрылуу жасады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жээнбеков Бабанов менен тандемге барышы мүмкүнбү?" деп собол салды.
КАЗАКБАЕВ: "Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов ар дайым жылуу мамиледе болушкан, азыр да улантышууда"
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишин эски бийлик ачканын белгиледи.
"Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов ар дайым жылуу мамиледе болушкан, азыр да улантышууда. Алар чогуу депутат болуп келишкен. Жээнбеков премьер-министр болуп турган учурда Бабанов фракция лидери эле. Бардык маселеде бири-бирин колдоп турушту. Шайлоо учурунда бузукулар, чагымчылдар болгон экен. Бабановдун Отуз-Адырдагы сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин эски бийлик ачкан. Ал учурда укук коргоо органдарынын башында башкалар отурган болчу. Бабанов оппозициядан президенттик шайлоого катышып, 34 пайыз добуш алган алгачкы адам. Шайлоодон кийин Жээнбековду куттуктаган. Бирок "Республика-Ата Журттун" аймактардагы координаторлоруна карата басым күчөгөндүктөн, ага көп нааразычылык кайрылуулары келип түшкөн эле. Ошентсе да Бабанов баарына буйрук берип, шайлоонун жыйынтыгын тааныган. Кийин дарыланууга кетти. Ар түрдүү сунуштар болду. Аксакалдар менен кеңешти. Жыйынтыгында мандатын тапшырып, сөзүнө туруп, бир жылдан бери саясатка аралашпай келет.
Жакында эле Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөштүм. Анын Бабановго карата ою жакшы. Иши мыйзам чегинде каралсын деп жатат. Буга чейин чет элдик адистер "Бабановдун сөзүндө улуттар аралык кастыкты козутуучу белгилер болгон эмес" деп жыйынтыктарын беришкен. Анын иши саясатташып кеткенин баары түшүнүп турат. Президент жакында Таласка барып, жакшы жолугушууларды өткөрдү. Элдин Бабановго пикири түз. Аны колдогон кайрылуулар аймактардан көп келет. Жакында эле Таластан да кат жазышыптыр. Анда президент мурдагы өкмөт башчылар жана төрагалар менен кызматташууга даяр экенин айтып, ынтымакка чакырганын жазышыптыр. Ошонун негизинде бүгүн президентке кайрылдым. Бабановдо эч кандай коррупциялык маселе жок. Ошон үчүн президентке анын ишин айкөлдүк менен карап коюңуз деп кайрылдым.
Бабанов бизнеси бар болгону үчүн көпчүлүк учурда Орусияда болуп жатат. Андан сырткары АКШда, Европа жана чыгыш өлкөлөрүндө жүрөт. Жакында ага жолуктум. Инвестиция алып келүү боюнча идеялары бар экен. Анын билими, тажрыйбасы бар. Андан сырткары жаш. Президенттин күчтөрдү бириктирем дегени - эң туура демилге. Экөө тең мамлекетчил. Бири-бирине салымы чоң. Шайлоонун алдындагы эмоция менен айтылган сөздөр экинчи орунда калышы керек", - деди Казакбаев.
МОМБЕКОВ: “Жээнбеков Бабанов менен бириксе тандем эмес, мандем болот”
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун пикиринде, президенттин Таластагы айткан сөзү менен Бабановдун маселеси эки башка нерсе.
“Менин пикиримде, президент андай тандемге бара турган болсо тандем эмес, мандем болот. Мен президенттин Талас облусуна болгон иш сапарында коштоп жүрдүм. Жанында болгон адам катары айтайын, президент андай негизде айткан жок. Ал “мамлекетти өнүктүрүү үчүн ким кызыкдар болсо, ошол адамдардын кызыкчылыктарын эске алам. Жакын арада мурунку спикерлер, өкмөт башчылар менен жолугушуу өткөрөм. Балким, менин ишимден кемчилик кетип жаткандыр. Алардын айткандарын эске алам” деп айтты. Анын бул сөзүн башкача мааниде кабыл алып, Руслан Казакбаев "ал жолугушууга Өмүрбек Бабанов да катышса, анын да өлкөгө, экономикага салымы бар" деген мааниде айтты. Президент айткан маселе башкада. Азыр өлкөдө Феликс Кулов, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев сыяктуу мурунку өкмөт башчылар көп.
Ал эми Бабановдун маселеси башка. Президент шайлоо убагында “коррупция менен күрөшүүнү сизден баштайм” деп тандемге барса, Сооронбай Жээнбеков өзүнө болгон чоң ишенимди жоготуп алышы мүмкүн. Эл "Жээнбековдун коррупция менен болгон күрөшү жасалма, курулай ураан экен" деп ойлоп калышы мүмкүн. Сооронбай Жээнбековду жакшы билем. Коррупция менен күрөштү аягына чыгарам деп жаткан соң, андай жолго барбайт, кайырмакка оңой менен илинбейт”, - деди Момбеков.
ЖЭЭНЧОРОЕВ: “Бабанов менен Жээнбековдун биригүүсү өлкө үчүн ынтымакты, натыйжалуу иштерди алып келмек”
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев шайлоодо атаандаш болгон саясатчылардын биригүүсү дүйнөлүк саясий практикада болуп келгенин айтты.
“Шайлоодо атаандаш болуп, бирок андан кийин эки программанын жакшы жактарын бириктирип, элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн бир команда болуп иштешүү, тандемге баруу дүйнөлүк саясий практикада кеңири болуп келген. Бизде да ошондой нерсе болушу мүмкүн. Анткени Бабановдун тажрыйбасына көпчүлүк жакшы баа берет. Ал инвестицияларды тартууда, башкарууда мыкты адис болуп эсептелет. Анын топтогон тажрыйбасы, эл аралык байланыштары, билими өлкө үчүн иштөөгө пайдасын гана берет. Экөөнүн биригүүсү бир гана саясий упай эмес, ынтымакты, жыйынтыктуу иштерди алып келмек”, - деди Жээнчороев.
САБИРОВ: “Бабанов деле жөн адам эмес, жарым миллиондон ашык добуш алган адам”
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун айтымында, биринчи кезекте Бабановго карата ачылган иштер чечилиши керек.
“Бүгүн Руслан Казакбаев көтөргөн маселе саясий себеп менен ачылган иштер көзөмөлгө алынып, ал иштер сот же кыскартылуу аркылуу токтотулса деген мааниде айтылды. Биринчи кезекте ошол иштер, анын өлкөгө кайтып келүү маселелери чечилген соң, тандем маселесин айтса болот. Ал өзү сыртта жүрсө кайдан бирикмек эле. Бабанов деле жөн адам эмес, жарым миллиондон ашык добуш алган адам. Президент бүгүнкү күндө бир гана Бабановдун ишине эмес, башка да саясий себептер менен ачылган иштерге маани берип, мыйзамдуу жол менен аларга баа берилишин көзөмөлгө алышы керек”, - деди Сабиров.
РЫСАЛИЕВ: “Бабанов баарыңардын добушуңарды “урдум” деп өлкөдөн кетип калды”
Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Өмүрбек Бабанов бизнес менен алектенип, акча топтоду, чөнтөгүнөн эч нерсе чыгарган жок деген пикирин билдирди.
“Руслан Казакбаев Бабанов тууралуу өзүнүн оюн айтты. Ал президенттин Таластагы сөзүн мисал келтирди. Өлкө башчысы мурунку премьер-министрлерден акыл үйрөнөм деп айтканын билдирди. Бабановдун эмнесинен акыл үйрөнөт? Алдамчылыгынан акыл үйрөнөбү? Ишкердик кылып акча топтоду, чөнтөгүнөн эч нерсе чыгарган жок. Бир бала бакча же бир мектеп салган жок. Бабановду билбегендер ишенип добуштарын беришти. Ал болсо "силердин добушуңарды “урдум” деп өлкөдөн кетип калды го”, - деди Рысалиев.
ТАШИЕВ: "Бабановдун өлкөгө зыяны тийген эмес. Мындан улам Жээнбеков менен тандеми ишке ашуусу мүмкүн"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабанов жаран катары өлкөгө пайдасын тийгизмек деген пикирде.
“Бабановдун өлкөгө зыяны тийген эмес. Ал кайра өлкөгө кайтып келсе дагы залакасы тийбейт деп ойлойм. Эгер ушул багытта ой жүгүртсө, анда Жээнбеков менен Бабановдун тандеми ишке ашуусу мүмкүн. Ал эми адам саясий туруктуу позицияга ээ болбосо, анда бул анын өзүнө эле зыянын тийгизет. Өмүрбек Бабановду өтө күчтүү саясатчы деп айта албайм. Себеби ал буга чейинки саясий иштерде жеңилип калып жатты. Бир нерсени анык айта алам, анын өлкөгө жаран катары пайдасы гана тиймек. Себеби ал мамлекетке эч кандай зыянын тийгизе элек”, - деди Ташиев.
ЖОРОБЕКОВ: “Президент шайлоодо өзүнө атаандаш күчтөр менен биригүүгө барышы мүмкүн”
Саясат таануу илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков президент журт атасы катары өлкөдөгү бардык күчтөрдү бириктириши керек дейт.
“Саясатта бардыгы болот. Биздин президент дагы башка өлкөнүн президенттериндей болуп өзү менен чогуу чыккан жигиттерди чакырса жакшы болмок. Алар: Өмүрбек Бабанов, Улукбек Кочкоров, Адахан Мадумаров жана башка мыкты жигиттер. Булар деле Кыргыз өлкөсүнүн душманы эмес да. Булардын өлкөнү оңдосок деген максат, пландары бар. Президенттин ушундай ишке баруусу туура болмок. Президент журт атасы катары өлкөдөгү бардык күчтөрдүн башын бириктириши керек. Президенттин Таласка барганда айткан сөзүнөн кийин анын Бабановго карата деле ою түз болушу мүмкүн деп ойлойм. Шайлоо учурунда “коррупция менен күрөшүүнү сенден баштайм” деп айтса, айткандыр. Эми анын жеп-ичкени тууралуу факт керек. Бабановдо андай иштер жок. Мен эми тандем түзөт деп айта албайм, бирок чакырып кызмат сунуштап иштешүүсү мүмкүн. Менин оюмча, президент ошондойго барат”, - деди Жоробеков.