"ЭЛДИК КАБАР": "Шекафтар айылынын тургуну Бозумчак кениндеги калдыктарды айылга төктүрүп жүргөн" дейт окурман

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кайрылып, ал "Жалал-Абад облусундагы Шекафтар айылынын тургуну өз алдынча Бозумчак кени менен келишим түзүп, андан чыккан зыяндуу заттарды айылга жакын аймакка төктүрүп жүргөн" деген нааразычылыгын билдирди.

"Ала-Бука районунун Жой-Белент айылында 2019-жылы кытайлар кен казып кеткен карьер бар. Ал жактын кароолчусу 28-февраль күнү түндө карьер жактан КамАЗдарды көрүптүр. "Айдоочулардан эмне алып баратасыңар? Кайда барасыңар?" деп сураганда бирөөсү Бозумчак кенине дары ташып жатам" десе, экинчиси "Шекафтарга таштанды таштаганы баратам. Ал жактан Акыл деген бала тосуп алат" дейт. Кароолчу алардын артынан Шекафтар айылына барганча 1-КамАЗ жерге толтура мүшөктү төгүп салган болот. Сураштырып келсе, Акыл деген шекафтарлык жигит өз алдынча Бозумчак кени менен келишим түзүп, жергиликтүү калктын таштанды төгүүсүнө берилген селканага кенден чыккан зыяндуу заттарды төктүрүп, үстүнөн көмдүрүп жүрүптүр. Ал жакта болгон балдардын айтымында, төгүлгөн мүшөктөрдө колдонуу убактысы өтүп кеткен заттар да бар болуп, жыты сасып кеткен.

Нааразы болгон айылдын тургундары кечээ, 29-февраль күнү чогулган. Чогулушка Жалал-Абад облусунун губернатору Нурболот Мирзахмедов да келип, элдин арыз-арманын укту. Акыл деген жигит кылганы үчүн элден кечирим сурады. Кечирим сураганы менен болмок беле, өзү жашаган жерге зыяндуу заттарды төктүрүп жатса. Аны кечээ Ала-Бука РИИБине чакырып, тергөө иштерин жүргүзүп жатышат", - дейт окурман.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы бул билдирүүнүн Бозумчак кенине тиешеси жоктугун, таштандылар “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКсынан жүктөлүп чыкканын айтты.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Шекафтарлык тургун айыл аймагына "Бозумчак" кениндеги калдыктарды төктүргөн
"Бозумчак" кениндеги калдыктар
"Бозумчак" кениндеги калдыктар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Wibee
2020-03-01 18:42:56
Шекафтар деген айыл жок экенго
-2
Zhoro
2020-03-01 19:07:14
Бар ошодой айыл
+2
Samarsmailov
2020-03-04 13:59:45
Часть I
Люблю читать разные сайты. Выискиваю ошибки. Я ненавижу ошибки. Страшно злюсь, когда ошибки присутствуют в грамматике, нестыковки в информации.
Типа, на одном сайте написано «чёрный», а на другом про это же – «белый».
Сегодня поймал такую «рыбку-нестыковку». (Продолжение следует, так как ограничение символов в коментарии...)
0
Samarsmailov
2020-03-04 14:00:25
Часть II
Сайт kaktus.media 28 февраля в 20.55 опубликовал критику в адрес китайской компании ОсОО «Фулл Голд Майнинг», которая, по словам «кактуса», оштрафована за нарушение правил хранения и транспортировки отходов на сумму 46 тыс. сомов.
Каково же было моё удивление, когда на другом сайте – «Супер-Инфо» - я нашёл схожую новость, но уже про совершенно другую компанию!
0
Samarsmailov
2020-03-04 14:01:00
Часть III
В рубрике «Элдик кабар» («Народные новости») портала «Супер-Инфо» сообщалась похожая история. Но героем сюжета была уже компания ОсОО «КАЗ Минералз Бозымчак» Мол, именно эта компания подкидывала на местную свалку отходы производства. Появился и злодей – некий Акыл, который прикрывал неблаговидные действия компании. С такой информацией ознакомил читателя «Элдик кабар» («Народные новости») 1 марта в 16.22.
0
Samarsmailov
2020-03-04 14:01:33
Часть IV
Так кто и что незаконно утилизировал, кто кого прикрывал, кто и за что заплатил штраф? Или не заплатил? Прямо детектив какой-то!
По природе я правдоруб. Не поленился и позвонил в Госэкотехинспекцию, которая якобы наложила штраф.
Спросил: «А что, сразу две компании нарушали экологию и опасные отходы утилизировали на местной свалке?».Выяснилось, что нет. Нарушения утилизации отходов допускала только компания «Фулл голд майнинг», а автор информации в рубрике «Элдик кабар» («Н
0
Samarsmailov
2020-03-04 14:01:57
Часть V
ОсОО «КАЗ Минералз Бозымчак» не виноват! У них все в порядке.
На месте компании ОсОО «КАЗ Минералз Бозымчак» я бы обратился в суд на того, кто опубликовал ложную информацию, порочащую репутацию фирмы.
Впрочем, не факт, что кого-то привлекут к ответственности: хозяева портала «Супер-Инфо» ответственности не понесут за то, что опубликовано в рубрике «Элдик кабар» («Народные новости»). Не народного же репортёра привлекать!
0
Samarsmailov
2020-03-04 14:02:17
Часть VI
Хотя держатели портала могли бы просто снять трубку телефона, уточнить сведения в Госэкотехинспекции и проверить объективность информации вездесущих и всезнающих «народных информаторов». Где у них профессионализм?!
0
Эльвира Караева
2020-03-04 14:10:51
Samarsmailov, саламатсызбы. Мамэкотехинспекциянын жообу бул шилтемеде: https://www.super.kg/kabar/news/296955/
0
Samarsmailov
2020-03-04 14:21:14
Эльвира Караева,маалыматты текшергениңиздер үчүн рахмат. Бирок, жарыялабай туруп тактасаңыздар сонун болот. Ишиңиздерге ийгилик!
+1
Эльвира Караева
2020-03-04 18:15:12
Samarsmailov, бул рубриканын иши ушундай тартипте, окурман кайрылат, биз тийиштүүлөргө кайрылып жооп алабыз. Дагы бир кабарга шилтеме: https://www.super.kg/kabar/news/297191/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан