Ош шаарында 1-класстын окуучусун жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Окуучу алган жаракатынан улам каза болгонун шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Кырсык бүгүн, 4-мартта болжол менен саат 13:00дө Исхак Раззаков менен Уркуя Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Анда чыгыш тарапты көздөй бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2013-жылы туулган А.М. аттуу окуучуну сүзгөн. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду. Айдоочу 1977-жылы туулган А.У. экени аныкталды. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дейт мекеменин маалымат катчысы.