Бишкек-Ош жолунда автокырсык катталып, 1 адам каза болду. Дагы эки жүргүнчү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат

Бишкек-Ош унаа жолунда айдоочу чукул бурулуштан рулга ээ боло албай, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 43 жаштагы аял каза болду. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"22-март күнү саат 21:30 чамасында Кара-Көл шаарынын аймагында (Бишкек-Ош унаа жолунун 412-чакырымында) 1989-жылы туулган К. уулу М. аттуу айдоочу өзүнө таандык Хонда Сивик үлгүсүндөгү унаасы менен бурулуштан рулга ээ боло албай, оодарылып кеткен. Айдоочу Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну болгон.
Кырсыктын кесепетинен жүргүнчүлөр Бишкек шаарынын тургуну 1999-жылы туулган С.С., Аксы районунун тургуну 2000-жылы туулган К. кызы Э. Кара-Көл шаардык ооруканасына жаткырылган. Мындан тышкары Бишкек шаарынын тургуну 2003-жылы туулган С.Н. жана анын 2012-жылы туулган А.Ж. аттуу сиңдиси Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ал эми Бишкек шаарынын 1976-жылы туулган А.Ж. аттуу тургуну алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Жол кырсыгы боюнча бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дейт маалымат катчы.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, жол кыймылынын бардык катышуучуларына, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана бузбоого чакырат.

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 1 адам каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан