Өзгөндө айдоочу рулга ээ боло албай электр мамысын сүзүп, өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз катчысы билдирет.
"3-февраль күнү 03:30 чамасында Мырза-Аке айылындагы Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамысын сүзүп, өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 7 эркек адам (аты-жөнү такталууда) каза болгон", - дейт маалымат катчы.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм, 6 куткаруучу, "Тез жардам" кызматынан 1 бригада жана ИИМ кызматкерлери тартылды. Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 04:18де чектөөгө алынып, саат 04:35те толук өчүрүлдү. Куткаруучулар унаадагы каза болгон адамдарды чыгарышып, Өзгөн райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткиришти.