Токтогулда унаа оодарылып, 1 адам каза болду. Дагы 6 адам жаракат алды

Токтогулда унаа жолдон чыгып оодарылып кетип, 1 адам каза болду. Мындан тышкары, 6 адам денесинен ар түрдүү жаракат алганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"13-январда Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында (Көтөрмө айылында) Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам каза болуп, 6 адам ар түрдүү жаракат алды. Куткаруучулар каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп басма сөз кызматынан билдиришет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adil18
2020-01-14 10:26:24
Урматтуу айдоочулар,сиздерден суранаарым унааныздарды акырын айданыздарчы!
Жол кырсыгы абдан коп болуп жатат.Шашпаныздарчы!!!
+3
Adil18
2020-01-14 10:29:52
Жол кырсыгынан каза болгон тууганыбыздын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
Жакын туугандарына терээн кайгыруу менен конул айтамын.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан