Баткен районунун Жаңы-Жер айылында айдоочу рулга ээ боло албай, жол кырсыгына кабылды. Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп, дагы 2 жаран жаракат алды.
ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгы бүгүн, 11-сентябрда саат 06:37де Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 11-чакырымында (Жаңы-Жер айылы) орун алды.
"Ауди 100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Окуя болгон жерге 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар жеткенге чейин "Тез жардамдын" кызматкерлери жабыркаган жарандарды Баткен облустук ооруканасына алып кетишкен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам (1967-жылы жана 1974-жылы туулган) ооруканада каза болду. Ал эми 1993-жылы жана 2005-жылы туулган 2 жаран ооруканада жатат", - дешти мекемеден.