Ош облусунун Кара-Суу районунда түндө жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болсо, дагы 4 жаран жаракат алганы кабарланган. ӨКМнын маалымат кызматынан дагы бир жабырлануучу каза болгонун билдиришти.
Жол кырсыгы 10-сентябрга караган түнү саат 00:26да орун алган. Анда Кызыл-Кыштак айылынын Осмонов көчөсүндө Дэу Нексия унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам окуя болгон жерден, дагы бирөө ооруканага бара жатканда каза болду. Калган 3 жабырлануучу "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди.
Унаадагы балдардын баары 1995-жылы туулган.