Ош облусунун Өзгөн районунда 3 адамдын өмүрүн алган автокырсык орун алды. Жол кырсыгы 21-июнда Мырза-Аке – Кара-Шоро унаа жолунда болгонун ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Дэу Тико үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).
Окуя болгон жерге Өзгөн райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамды "Тез жардам" кызматы Мырза-Аке айылындагы ооруканага жеткирген", - деп айтылат маалыматта.