Ош облусунда унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып бакты сүзүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-майда саат 17:50дө Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагында Ноокат-Папан унаа жолунун 1-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1957-жылы туулган эркек киши каза болгон.
Жерине ӨКМнын №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.