Бүгүн, 24-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурум УКМКнын имаратында болуп өттү.
Отурумга катышып чыккан жактоочулар отурум саат 14:00 уланарын билдирди.
Жактоочу Сергей Слесарев: "Отурум шарты жок, кичинекей бөлмөдө болду. Ага Алмазбек Шаршенович катышып, бирок суроолорго жооп берүүдөн баш тартып, бөлмөдөн чыгып кетти", - деди ал.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.