Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткан депутат Зарылбек Рысалиев бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынына келди.
"Сүйлөгөндө кыйналып жатам. Комментарий бербей эле коёюнчу. Ден соолугум жакшы", - деп SUPER.KG порталына билдирди.
Рысалиев 7-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сурак берип жатып, өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Ошол күнү кечинде Рысалиев "кан басымым көтөрүлүп кетиптир, азыр абалым жакшы" деген. Ал ден соолугу начар болгондугуна байланыштуу үй камагына алынган.
Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен чуулуу окуя учурунда Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы болчу.