Бүгүн,15-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгып кетиши боюнча соттук алдын ала уктуруу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз башталды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, судья Алмазбек Атамбаевсиз соттук алдын ала уктурууну баштады.
"Алмазбек Атамбаев "менсиз эле соттук алдын ала уктурууну өткөргүлө" деген кат жазган. Азыр судья алдын ала уктурууну баштады. Уктуруу башталары менен Жазык кодексинде тартип бузулуп, жактоочулардан иштин материалдарын эч кимге айтпоо тууралуу тил кат жазып берүү каралган экен. Бирок биз баш тарттык. Себеби мындай мыйзамда жок", - деди ал.