Бүгүн, 18-мартта коронавирус жуктуруп алганы аныкталган 3 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан 12-мартта учуп келишкени айтылды. Жаралган кырдаалга байланыштуу өлкөдө ыкчам штаб түзүлдү. Аталган штаб коронавирустун алдын алуунун эң негизги жана жөнөкөй эрежелерин түзүп, жарандарды эрежени сактоого чакырат.
Коронавируска шектелген адамдарды байкаган учурда же өзүңүздө оорунун белгилери байкалган учурда 0(312) 323-202, 0770 895-556 (WhatsApp) номерлерине кабарлоо керек.