Өлкөдө 509 бейтап стационарда коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда республикалык штабдан билдиришти.
Ал эми 1 миң 973 бейтап амбулатордук дарыланып жатат. Бир суткада 53 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен 44 миң 881 адам коронавирус жуктуруп алган. 149 жаран оорудан сакайып чыкты. Жалпы коронавирустан айыгып чыккандардын саны 40 миң 922ге жетти. Өткөн суткада илдеттен каза болгондор жок.