Сутка ичинде дагы 10 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирип, жалпы ооругандар 157ге жеткенин айтты.
Алар:
Жалал-Абад облусунда – 2;
Ош облусунда – 1;
Ош шаарында – 3;
Нарын шаарында – 1;
Бишкек шаарында – 3.
Анын үчөө дарыгер.