АКШда эл карантинге каршы митингге чыкты

Вашингтондо 2 миңге чукул адам өлкөдө киргизилип жаткан карантинге каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Вашингтондо чектөөлөр 4-майга чейин киргизилген. Аталган штатта 12 миң адамдан коронавирус аныкталган.
Аталган митинг штаттын губернатору Жей Инзли берген буйрукка жана медициналык кызматкерлер айткан көрсөтмөлөргө баш ийбөө болуп эсептелет.
"Албетте, мен сөз эркиндигин колдойм. Бирок сөз митингге чыккан адамдардын саны тууралуу эмес. Иштин баары саясатта эмес, штаттын жашоочуларынын саламаттыгынын коопсуздугунда", - деп билдирген губернатор.
Ал эми полиция митинг тынч өткөнүн жана эч ким кармалбаганын билдирген.
Акыркы маалыматтарга ылайык, АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 40 миң 600гө жеткен. Жалпы 759 миң адамдан вирус аныкталса, 70 миңден ашуун бейтап айыгып чыккан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2020-04-20 11:17:12
Кетсин! Деппи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан