Бүгүн, 24-апрелде Стамбулдан 349 жаран Бишкекке келишти. Алар отурган учак "Манас" эл аралык аэропортуна конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Стамбул-Бишкек чартердик каттамын "Түрк аба жолдору" компаниясы ишке ашырды. Буга чейин каттамдары токтотулган Кыргыз жарандарынан бүгүн 349у өлкөгө алып келинди.
Чартердик каттам 10-апрелде Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттеринин башчыларынын видеосаммиттин жүрүшүндөгү макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды. Учурда чет өлкөдө калган жарандарды мекенге алып келүү иштери улантылып жатат", - дешти маалымат кызматынан.
Ал эми республикалык штаб Стамбулдан 351 жаран учуп келди деп кабарлашты.