Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында белгилүү адамдар жок" (хронология, видео)

Бүгүн, 28-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат жыйын берди.

2020-04-28 10:18:00

Суроо: "Оору жуктуруп алгандардын арасында өлкөгө белгилүү адамдар барбы?"

Жооп: "Коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын арасында саясатчылар, белгилүү адамдар, шоу-бизнес өкүлдөрү жок. Ооруган адамдар менен катнашта болгондор бар болгон. Бирок алар текшерүүгө алынып, берген анализдери жакшы чыгып, вирус аныкталган эмес"

2020-04-28 10:15:00

"Таласта абал туруктуу. Өз убагында изилдөөлөр жүрүп, ооруган адамдар аныкталгандыктан аларды Бишкек шаарында кармап калуу мүмкүн болду. Облустук штаб да өз ишин жогорку деңгээлде аткарып, көзөмөл катуу болгону үчүн азыркы тапта ал жакта бир дагы адам каттала элек", - деген жообун узатты берилген суроого Үсөнбаев.

2020-04-28 10:14:00

"Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын баары Нарын облусунда. Бири дарыгер, экинчиси кичи медициналык кызматкер. 
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясын 185  медициналык кызматкер жуктуруп аган", - деп билдирди министрдин орун басары.

2020-04-28 10:10:00

Бүгүнкү күндө стационарда  284 адам дарыланып жатат, алардын ичинен алты адам жандандыруу бөлүмүндө. Илдеттен жалпы 8 адам көз жумду.

2020-04-28 10:09:00

Ал эми коронавирус илдетинен жалпы өлкө боюнча 21 адам айыгып чыкты. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 416 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

2020-04-28 10:00:00

Бүгүн, 28-апрелге карата өлкө боюнча 13 адамдан коронавирус аныкталды. Алар: 

Бишкек шаары – 3
Чуй облусу – 6
Нарын облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 2

Муну менен ооругандардын жалпы саны 708ге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан