Өкмөт башчы: "Укук коргоо органдарынын кызматкерлери айлыгын үч эсе көп алышы керек экен. Алар бюджетке оорчулук болуп жатса, албай эле коёлу деп жатышат"

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо органдарынын кызматкерлери азыркыдай учурда айлыгын үч эсе көп алышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Укук коргоо органдарынын кызматкерлери азыркыдай учурда айлыгын үч эсе көп алышы керек экен. Алар бюджетке оорчулук болуп жатса, албай эле коёлу деп өздөрүнүн демилгеси менен келип жатышат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери бюджетти топтоо бир эле өкмөттүн эмес, жалпы элдин иши экенин түшүнүшүүдө", - деди ал.

Учурда жыйында коронавируска каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча өкмөт маалымат берүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан