Пекинде сейил бактар жана музейлер ачыла баштады

Кытайдын борбору Пекинде карантинден кийин 1-майдан тартып сейил бактар жана музейлер ачыла баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Хан ордосуна күнүнө 80 миң адам кире алса, азыр 5 миң көрүүчүгө гана уруксат берилди.

Айта кетсек, Европанын бир канча мамлекетинде да карантинде киргизилген чектөөлөр алына баштады. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Европа коронавирус пандемиясынан арыла электигин эскертүүдө.

1-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын саны 3 миллион 253 миң 727ге жетсе, каза болгондордун саны 233 миң 257ге жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kairat1996
2020-05-01 16:27:08
Кытайдан улгу алыш керек. Атеимз идеялогиясын бекем карманган Кытайдын окмоту элин алдыга суйроп чыкты.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан