Бишкек мэриясы: "Азыркы учурда сулуулук салондору чач кыркуу гана кызматын көрсөтүшү керек"

Азыркы учурда сулуулук салондору чач кыркуу гана кызматын аркалашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда брифинг учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта борбор шаарда өзгөчө абал режими бүтө элек, ал эми чектөөлөр кайсы бир деңгээлде гана алынган.

"Сулуулук салондорунун ээлери туура эмес түшүнүп алышкан окшойт, азыркы тапта аларга чач кыркканга гана уруксат берилди. Алар буга чейин көрсөтүп келген бардык кызматтарын өзгөчө абал учурунда көрсөтө албайт", - деди Алымкулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан