5 жаштагы Абидин Турсунбаевдин өлүмү боюнча териштирүү иши башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши бүгүн, 3-майда Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
"2021-жылдын 29-апрелинде Лейлек районунун Арка айылында тажик тараптан ок атылган учурда, ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышканда Арка-2 айылынын 2016-жылы туулган Абидин Турсунбаев аттуу тургуну айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон.
Бул факты 2021-жылдын 3-май күнү Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.
Буга чейин социалдык тармактарга
“Лейлек районундагы Арка айылында чек арадагы куралдуу кагылыштарда качып баратып Фергана каналына 5 жаштагы бала түшүп кетип каза болду” деген
маалымат тарап, аны Баткен милициясы расмий тактабай жаткан.