Мурдагы "Ганси" авиабазасында жаткан адамдар аларды обсервациядан чыгарууну талап кылышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымына караганда, Соль-Илецк шаарынан келип обсервацияда жаткан адамдар аларды үйлөрүнө чыгаруу талабын коюшкан.
"Биз келгенден бери күндө коронавирус аныкталды деп эле адамдарды алып кетип жатышат. Бирок алар 2-3 күн өтпөй кайра үйлөрүнө чыгып жатыптыр. Бул тууралуу алар өздөрү айтып беришти. Анткени алар менен чек арада 2 айга жакын убакыт жатып байланышыбыз бар. Аларды эч кандай коштоосу жок эле, жөн эле чыгарып жатышыптыр. Мындан улам обсервацияда жаткан адамдар аларды үйлөрүнө чыгаруу талабын коюп жатышат. Бизден келгенден бери 2 жолу анализ алып, жыйынтыктары таза чыкты", - дейт окурман.
Ызы-чуу чыккан жакка саламаттыкты сактоо министринин орун басары келгенин жана ал анализи таза чыккан адамдар үй карантинине жиберилерин айтканын окурман кошумчалады.
Бул тууралуу минстрликтен эч кандай маалымат тарата элек.