Өлкөдө коронавирус 17-адамдын өмүрүн алды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Айтымында, өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду.
"Кечээ кечинде абалы оорлошуп, биздин аракеттерге карабастан жүрөгү токтоп калды. Ал 13-майдан бери Нарын облустук ооруканада дарыланып жаткан болчу. 29-майда реанимацияга которулган, ал оор түрдө ооруну өткөрүп жаткан, дем алууда кыйналып жаткан. Буга чейин инсульт болгон экен, кант диабети жана башка оорулары бар экен, ушулардын негизинде көптөгөн аракеттерге карабай абалы кескин начарлап, көз жумду", - деди ал.