Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтты. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Боронов коронавирус менен ооругандардын саны күн санап өсүп, дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.
Бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен шартталган деп айтылат маалыматта.