Интернетте экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин беттештирүүсүнүн протоколу тарады. Ал документте 2019-жылдын 21-августунда болгону жазылган.
Беттештирүүнү ИИМдин Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Э.Аширходжаев жүргүзгөн. Беттештирүүдө Алмазбек Атамбаев бир дагы суроого жооп берген эмес.
Атахановго Кыргыз өлкөсүнө Рамзан Кадыровдун жакындарынын бири Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов жеке учагы менен келип, Батукаев айыккыс дарт менен ооруп жаткандыгын жана мыйзам боюнча бошотулуп Чеченстанга экстрадициялоо мүмкүн экендигин айткан. "Сүйлөшүүдө эгерде Жаныш Бакиевди Кыргыз өлкөсүнө алып келинсе, анда бул маселени карап көрүүгө болот", - деп айткан Атаханов.
Бул боюнча Делимханов дароо макулдугун берген эмес. Кийинчерээк бул иш мүмкүн экендигин билдирген. "Бул боюнча Атамбаевге билдирип, Батукаев тууралуу, анын криминалдык таасири тууралуу айтып бергем. Бирок анын оорусу түрмөдөн чыгара тургандай оору эмес болчу. Аны түрмөдөн бошотуу үчүн УКМК тарабынан атайын операция уюштурулган", - дейт Атаханов.
"Кийин Атамбаев эки тараптын макулдашуусу менен Батукаев менен Жаныш Бакиевди алмашуусун тапшырган. Атаханов УКМКнын жетекчилик кызматынан бошогондон кийин дагы бул операцияны карап турган. Чеченстан тарап Жаныш Бакиевди экстрадиция кылууну ишке ашырган эмес, анткени бул маалыматты Бакиев билип калып, БАЭге качып кеткенге үлгүргөн", - деген Атаханов.
Беттештирүүнүн протоколуна Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев жана Замир Жоошев, Атахановдун жана анын жактоочусу Султан Баратов кол коюшкан. Атамбаев бул протоколго кол койгон эмес.