Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда. Тараптар жарыш сөзгө чыгышты

Тектеш кабарлар: Азиз Батукаев боюнча соттук иш (83 материал)

Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптар жарыш сөзгө чыкканын мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочунун айтымында, мамлекеттик айыптоочулар соттон Алмазбек Атамбаевдин процесске алынып келишин өтүнмө кылган. Бирок мурдагы өлкө башчы ден соолугуна байланыштуу келе албастыгын билдирген. Учурда сот процесси Атамбаевдин катышуусу жок уланууда.

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agayu
2020-06-16 16:47:05
Путиндин 5 минуттук сөзү Кыргыз бийлигин 10 жыл ойго салды , салып да келтат.Мынаке Путин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан