Саясатчы Өмүрбек Текебаев пневмония илдетинен дарыланып жатканын, абалы турукташып баратканы айтылды. Бул тууралуу юрист Искен Афиджанов социалдык тармактагы баракчасына жазып, саясатчынын сүрөтү менен бөлүштү.
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев айыгып бара жатат. Эки тараптуу пневмония илдети басаңдаганы менен сатурациясы (кандагы кычкылтектин өлчөмү) дагы деле нормадан төмөн бойдон калууда.
Анын аялы ооруканадан чыгарылып, үйүндө. Өмүрбек Чиркешович баарына салам жолдоп, чын жүрөктөн ден соолук каалайт", - деп жазган Искен Афиджанов.
Буга чейин жарандык активист Адил Турдукулов Өмүрбек Текебаевдин дарыланып жаткан сүрөтүн Твиттердеги баракчасына жарыялап, "абалы анча жакшы эмес окшойт, сакайып кетсин" деген билдирүү калтырган.
Саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, ооруканага жаткырылганы, абалы канааттандырарлык экени 8-июлда маалым болгон.