Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев бүгүнкү күндө курч вирустук респиратордук инфекция, сасык тумоо жок дейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июлда өкмөт үйүндө брифингде билдирди.
"Дене табы көтөрүлүп, оорунун белгилери байкалып жаткандарды коронавирустук инфекция менен ооруп жатышат деп кабыл алышыбыз керек. Анткени курч вирустук респиратордук инфекция, сасык тумоо оорусу жайыла турган мезгил эмес. Илдеттин белгилери байкалган жарандар өздөрүн обочолонтуусу керек. Бул учурда ооруканага баруунун кереги жок. Дарыгер менен аралыктан гана байланышып, кеңештерди, көрсөтмөлөрдү алышы шарт", - дейт пульмонолог.