Жалал-Абад облусу боюнча 23-июлга карата жалпы 2 миң 214 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталган. Анын ичинен 957 бейтапка коронавирус инфекциясы, 1 миң 257 бейтапка пневмония диагнозу коюлган. Жалпы айыккандардын саны 1 миң 186. Маалыматты облустук штабдан кабарлашты.
Азыркы учурда 332 адам үй шартында дарыланып жатса, аймактардагы ооруканаларда жалпы 687 бейтап медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Облуста COVID-19дан 17, ал эми пневмониядан 90 адам көз жумган.
Соңку маалыматтарга ылайык, облус ичинде Сузак, Аксы, Ноокен райондорунда бейтаптар көп катталган.
- Сузак району - 665;
- Аксы району - 211;
- Ноокен району - 166;
- Чаткал району - 107;
- Таш-Көмүр шаары - 122;
- Токтогул району - 93;
- Ала-Бука району - 72;
- Майлуу-Суу шаары - 41;
- Тогуз-Торо району - 97;
- Базар-Коргон - 81;
- Кара-Көл шаары - 54;
- Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык ооруканасында дарылангандар 505.
Илдеттин белгилери байкалган жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү максатында Жалал-Абад облусунда 172 күндүзгү стационарлар уюштурулуп, анда 2 миң 431 орун даярдалган. Бул жайларга акыркы суткада 1 миң 824 адам катталса, ачылган күндөн тарта 24 миң 496 бейтап кайрылган.
Облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедовдун башчылыгында Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 130 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараттарын даярдоо иштери соңуна чыгуу алдында турат.