Дүйнө жүзүндө COVID-19дун британиялык штампын аныктоочу алгачкы тест-системи иштелип чыкты

Дүйнө жүзүндө биринчи жолу Орусияда COVID-19дун британиялык штампын аныктоочу тест-системи иштелип чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган тест-систем Орусияда иштелип чыкты. Аны иштеп чыккандар жана каттоодон өткөргөндөр Орусиянын борбордук эпидемиологиялык илим-изилдөө институтунун кызматкерлери болуп эсептелет. Алардын чыгарган тест-системи клиникалык сыноодо мутацияланган коронавирус илдетин жогорку көрсөткүчтө так көрсөтө алган.

Буга чейин Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан