Миллиондогон элдердин сүймөнчүлүгүнө арзыган "Mars Incorporated" шоколад фирмасынын ээси Фрэнк Марс жаңы шоколад батончигин чыгарууну көздөп, ага аталыш издей баштайт. Жыйынтыгында ал өзүнүн сүйүктүү Сникерс аттуу минген атынын ысымын шоколадга берет.
Баса, Сникерс шоколады массалык түрдө чыгарылып баштаган соң, бир нече айдан кийин Марстын Сникерс аттуу аты өлүп калган.
Сникерс шоколады жаштардын арасында өтө популярдуу. Дүйнө жүзүндө ар бир секунд сайын 400гө чукул шоколад сатылат.