Супер фактылар: Жаңы Гвинея аралында жашаган уруунун эркектери денесине крокодилдин терисиндей оюу-чийүү жасаткан ырым-жырымдары тууралуу уктуңуз беле?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Папуа-Жаңы Гвинея аралындагы Сепик дарыясынын жээгинде жашаган уруунун эркектери денесине крокодилдин териси сымал татаал оймо-чийме жараткан ырым-жырымын бүгүнкү күнгө чейин салт катары карманып келишет.

Сепик дарыясынын уруусундагы салттуу ырым-жырым эркектерге 11 жашынан баштап бамбуктан даярдалган курч таякча менен денелерине жүздөгөн майда тешиктерди жасашат. Кесилген жерлер тырыктарга айланган сайын крокодилдин териси сымал татаал оймо-чийме жаралат. Андан кийин кесилген жерлерге жыгач майы аралаштырылган суюктукту сүйкөшөт. Денедеги ооруну басуу үчүн дарылык касиетке ээ өсүмдүктөрдүн жалбырактарын чайнашат. Кээде бул көрүнүш өлүм менен да аяктайт.

Денеге крокодилге окшош көрүнүштү берүү үчүн аркасына, кол, көкүрөк жана жамбаштарына оюу түшүрүшөт. Бул салттуу ырым-жырымды, азыркыга чейин дүйнө жүзүндөгү айрым уруулар колдонуп келишет. Бул адатты колдонгон уруулар "адам - крокодилден төрөлгөн" деп эсептешет жана аны урматташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Talant22
2021-01-23 18:22:45
Кимдин баласысын десе крокодилдин дейби
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан